> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта эки мектептин администрациясы айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/suzakta-eki-mekteptin-administratsiiasy-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-11-03T06:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T06:24:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки мектептин аймагында тиричилик калдыктарын атайын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.**

> Маалымдалгандай, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлдү. 

Рейддин жүрүшүндө №90 Манас атындагы жана №1 Мадумар-Ата атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин аймагында таштандылар белгиленбеген жерлерге топтолгону аныкталган.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ар бир мектептин администрациясына **17 миң сомдон** айып пул салынып, жалпы суммасы **34 миң сомду** түздү.