> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/talaska-8-1-mln-dollar-investitsiia-tartylyp-325-zhumush-ordu-tuzuldu/
- Published: 2026-11-03T12:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T12:45:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

Жолугушууда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, бюджеттин өсүшү, инфраструктуралык долбоорлор жана алдыдагы пландар талкууланды.

> Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, 2021-жылы Талас облусунун бюджети **640 млн сомду** түзсө, 2025-жылы **1 млрд 268 млн сомго** жеткен. Ал эми 2026-жылга бюджет **1 млрд 341 млн сом** өлчөмүндө бекитилген.

Ошондой эле быйыл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кошумча ****5 млрд 543 млн сом** бөлүнгөн.

Мындан тышкары, быйыл алты өндүрүш объектиси ишке киргизилип, **8,1 млн доллар** инвестиция тартылган. Натыйжада **325 жумуш орду** түзүлгөн.