> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/03/zherui-keninen-9-aida-mamlekettik-kazynaga-20-mlrd-som-tushkon/
- Published: 2026-11-03T13:29:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T13:28:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы 2026-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага 20 млрд сом которгон. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.**

> Маалыматка ылайык, ишканада **1000ге жакын** адам эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Талас облусунун тургундары.

Ошондой эле 2021-жылдан бери компания жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна **3,5 млрд сомдон ашык** каражат которгон.

Мындан тышкары, өлкө башчысы мамлекет Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан кендерин өз күчү менен иштетүүнү пландап жатканын белгиледи.