> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автоунааларды бажылык тариздөө 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүп калды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/avtounaalardy-bazhylyk-tarizdoo-10-munotko-zhetpegen-ubakytta-otup-kaldy/
- Published: 2026-11-04T06:35:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T06:39:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**“Автомобильный” Бажылык тариздөө жайында (БТЖ) жеңил автоунаалардын 88 % бажылык тариздөөдөн 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, **“**Автомобильный” БТЖда мониторингдин жыйынтыгы боюнча оң динамика байкалууда. Эгерде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жеңил автоунаалардын болжол менен **10 % 10 мүнөткө** жетпеген убакытта бажылык тариздөөдөн өткөн болсо, октябрь айында бул көрсөткүч **88 %** жеткени аныкталды. Мында бажылык тариздөөнүн орточо убактысы 3 мүнөттү түзөт.

Мындай натыйжаларга тариздөө жол-жоболорунун айрым этаптарын кайра карап чыгуу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү аркылуу жетишилди. Бул зарыл болгон бажы көзөмөлүнүн чараларын сактоо менен бажы жол-жоболорун тездетүүгө мүмкүндүк берүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/-----------1.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/-------1.png)

Белгилей кетсек, **2026-жылдын сентябрь айынан тартып** “Автомобильный” бажылык тариздөө жайы **“Силк Роуд Моторс”** жаңы убактылуу сактоо кампасынын аймагында иш алып барууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**