> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бала ырысы" жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/bala-yrysy-zholokpulun-algan-baldardyn-sany-266-minden-ashty/
- Published: 2026-11-04T08:32:51.000Z
- Updated: 2026-11-04T08:33:50.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**2026-жылдын ноябрь айына карата жөлөкпул алган балдардын саны 266 166ты түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан маалыматта айтылат.** 

> Билдирүүгө ылайык, жөлөкпул төлөө үчүн талап кылынган каражаттын суммасы **328 млн 20 миң 598 сом 44 тыйынды** түзөт.

2026-жылдын октябрь айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны **13 467 балага** же **5,3 пайызга** көбөйгөн, ал эми талап кылынган каражаттын көлөмү **16,5 млн сомго** өскөн.

Ал эми жөлөкпул алууга берилген арыздардын **84 пайызы** "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган.

**"Бала ырысы" программасы жаш балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө багытталган. Жөлөкпулду тариздөө "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми акча каражаттары түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат.*

жүргүзүлөт.Жөлөкпулдун төлөмдөрү **ар бир айдын 1инен 10уна чейин** жүргүзүлөт. Анын өлчөмү ар бир бала үчүн айына - **1 200 сомду** түзөт.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**