> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/batken-oblusunun-10-aiylyna-taza-suu-berildi/
- Published: 2026-11-04T11:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T11:44:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорундагы төрт айыл аймагына караштуу 10 айылда таза суу объекттери пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү билдирди.**

> Маалымдалгандай, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч жана Чаувай айылдарында суу менен камсыздоо системасы курулуп, **20 миң 731 тургун** таза суу менен камсыз болду. Ал эми Совет айылында суу түйүнү жаңыланып, **346 кожолук** каттоого алынган. Анын **290у** суу эсептегичтер аркылуу тейленүүдө.

Ошондой эле Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарындагы Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында суу түтүктөрүн тартуу иштери аяктады. Бул айылдарда жалпы **18 миң 895 адамды** таза суу менен камсыздоо каралган.

Долбоор "Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашырылды. Анын жалпы каржылоо көлөмү **60 млн долларды** түзөт. Анын ****20 млн доллары** Ислам өнүктүрүү банкы, ****30 млн доллары** Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, **10 млн доллары** Кыргызстандын салымы болуп саналат.

2020–2026-жылдарга эсептелген долбоор АРИС тарабынан ишке ашырылып, Баткен жана Талас облустарынын **61 айылындагы 150 миңге жакын тургунду** таза суу менен камсыздоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886726010_1668999337926848_7509395316794880650_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886726288_1668999294593519_3120009663637136556_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886726675_1668999254593523_3378113331737509113_n.jpg)