> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлерге айыл чарба техникасын алууга 44,61 млн доллар бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/fermerlerge-aiyl-charba-tekhnikasyn-aluuga-44-61-mln-dollar-bolunot/
- Published: 2026-11-04T06:23:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T06:22:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын колдоо максатында 44,61 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, министрлик, Финансы министрлиги, "АБанк" жана "Элдик Банк" ортосунда үч тараптуу агенттик келишимге кол коюлду.

Каржылоо Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан KGZ-1037 долбоорунун алкагында бөлүнөт. Анын негизги максаты - өлкөдө айыл чарбасын механизациялоого көмөктөшүү жана фермерлердин заманбап техникага жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.

Долбоордун алкагында ишкерлер жана жеке жактар айыл чарба техникаларын жана жабдууларын ислам каржылоо принциптери менен сатып ала алышат.

Каржылоонун негизги шарттары:

- Жалпы көлөмү - **44,61 млн АКШ доллары**;
- Жылдык кирешелүүлүк ченеми - **6%**;
- Каржылоо мөөнөтү - **7 жылга чейин**;
- Каржылоону алуучулар - ишкердик субъекттери жана жеке жактар;
- Максаты - айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алуу.

Каржылоо ислам банкингинин "Мурабаха" жана "Ижара мунтахийя биттамлик" продуктулары аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоор "АБанк" жана "Элдик Банк" банктарынын ислам терезелери аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, бул демилге айыл чарбасын техникалык жактан жаңылоого, фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн агрардык потенциалын чыңдоого багытталган.