> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/kyrgyzstan-eskato-menen-kyzmattashuunu-keneitet/
- Published: 2026-11-04T14:11:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T14:10:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.**

> Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстандын ЭСКАТО менен кызматташтыгын кеңейтүү, аймактык транспорттук жана соода байланыштарын өнүктүрүү, экономиканы санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап транспорттук байланыштарды жакшыртуу, чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана улуттук инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоо боюнча ЭСКАТОнун эксперттик көмөгүнө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстандын тиешелүү мекемелери менен ЭСКАТОнун ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү боюнча кызыкдарлыгын билдиришти.