> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ИКУ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча алдыңкы бештикке кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/kyrgyzstan-iku-olkolorunun-arasynda-ekonomikalyk-osush-boiuncha-aldynky-beshtikke-kirdi/
- Published: 2026-11-04T03:13:53.000Z
- Updated: 2026-11-04T03:16:25.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Түркиянын Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) министрлер деңгээлиндеги 42-жыйыны өттү. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.** 

> Билдирүүгө караганда, жыйын 31-октябрдан 3-ноябрга чейин болуп, ага Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу да катышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/887784876_18112363343343965_4509605603107911846_n.jpg)

Жыйында Ислам өлкөлөрүнүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана окутуу борбору (SESRIC) тарабынан сунушталган экономикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) реалдуу өсүшү **11,1 пайызды** түзгөн. 

**Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан ИКУга мүчө* ***57 өлкөнүн** *ичинен алдыңкы* ***бештикке** **кирген.*

Жыйында мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, экспортту диверсификациялоо жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**