> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө балык өндүрүшүн 60 миң тоннага жеткирүү пландалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/kyrgyzstanda-balyk-ondurushun-60-min-tonnaga-zhetkiruu-plandaluuda/
- Published: 2026-11-04T07:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T07:14:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**3-ноябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.**

> Билдирүүгө ылайык, жолугушууда балык чарбасын өнүктүрүү, аквакультураны кеңейтүү жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Анын алкагында Кыргызстанда 2035-жылга чейин балык өндүрүшүн **60 миң тоннага** жеткирүү жана **1,5 миң жумуш ордун** түзүү демилгеси каралды. Ошондой эле жылына **78 миң тоннага чейин** суу биологиялык ресурстарын кармоого жана кайра иштетүүгө жөндөмдүү кыргыз-орус ишканасын түзүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, Орусиядан Кыргызстанга **20 миң башка чейин** жогорку өндүрүмдүү асыл тукум бодо мал жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды. Бул ата мекендик мал чарбачылыгынын асыл тукум базасын чыңдоого жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Эрлист Акунбеков балык чарбасы жаатында Орусиянын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин билдирип, туруктуу тоют базасын түзүү жана Кыргызстанга суу биологиялык ресурстарын кармоо үчүн жыл сайын квота бөлүү маселелеринде колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Дмитрий Патрушев орусиялык тарап биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өз ара соода жүгүртүүсү ****4 млрд АКШ долларына** жакындаган. Анын ичинен айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын көлөмү ****652,3 млн долларды** түзгөн.