> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык дыйкандар үчүн Кытайдын мөмө-жемиш рыногу ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/kyrgyzstandyk-dyikandar-uchun-kytaidyn-momo-zhemish-rynogu-achyldy/
- Published: 2026-11-04T07:05:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T07:04:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик дыйкандар жана экспорттоочулар үчүн Кытай рыногуна чыгууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, 2026-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган.

Анын негизинде Кытай тарап 20-октябрдагы №149 расмий жарыясы менен Кыргызстандан төмөнкү мөмө-жемиштерди импорттоого уруксат берген:

- Малина;
- Карагат;
- Ежевика.

> Министрликтин маалыматына караганда, Кытайга экспорт жүргүзүү үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн өндүрүш участоктору жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, Кытай тараптан каттоодон өтүшү керек.

Бул үчүн Кыргыз тарап тиешелүү өндүрүш участокторунун жана таңгактоочу ишканалардын тизмесин Кытайга сунуштайт. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы каттоо иштерин кыска мөөнөттө жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

Ушуга байланыштуу малина, карагат жана ежевика өстүргөн дыйкандар, ошондой эле таңгактоочу ишканалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн министрликке караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Бул чечим кыргызстандык мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.