> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/mamlekettik-satyp-aluularda-en-arzan-baa-emes-en-paidaluu-sunush-tandalyshy-mumkun/
- Published: 2026-11-04T12:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T12:15:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталынын 50 пайыздан ашыгы мамлекетке таандык болгон компаниялардын сатып алуу тартибин жаңылоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.**

> Документке ылайык, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин жаңы редакцияда берүү каралган. Анын негизги максаты — сатып алуулардагы айкындуулукту жогорулатуу, эрежелерди жөнөкөйлөтүү жана заманбап механизмдерди киргизүү.

Жаңы тартипте сатып алуулардын көмөкчү процесстерин автоматташтыруу, анын ичинде рынокту талдоо жана документтерди текшерүү үчүн жасалма интеллектти колдонууга укуктук шарт түзүлөт. Бирок акыркы чечимди кабыл алуу жоопкерчилиги адамдын, тактап айтканда, сатып алуу комиссиясынын мойнунда калат.

Ошондой эле сатып алууларда эң төмөнкү бааны гана тандоо принцибинин ордуна ****“эң пайдалуу сунушту” аныктоо** жана товардын бүткүл колдонуу мөөнөтүндөгү чыгымдарын эске алуу сунушталууда. Бул сатып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Долбоордо жөнөкөйлөтүлгөн сатып алуулар үчүн баа чектерин жогорулатуу да каралган. Ага ылайык:

- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн — 200 миң сомго чейин;
- чарбалык коомдор үчүн — 1 млн сомго чейин.

Мындай суммадагы майда чарбалык муктаждыктарды сатып алууда келишим түзбөстөн иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары, эгер товарды же кызматты сунуштаган башка жеткирүүчүлөр жок болсо, буйрутма берүүчү тарап атаандаштыктын жоктугун өзүнчө далилдөө милдетинен бошотулат. Бирок бул учурда жетекчи негизделген ички корутунду түзүп, маалыматты тиешелүү электрондук системага жарыялоого тийиш.

Долбоордо - жеткирүүчүлөрдүн арыздарын жана даттанууларын кароонун тартибин тактоо, арыздарды берүү жана ачуу мөөнөттөрүн иретке келтирүү да каралган. Документ кабыл алынса, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле мамлекеттик үлүшү ****50 %** ашкан компаниялар сатып алуулар боюнча ички эрежелерин жаңы тартипке ылайык келтириши керек болот.