> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаары АКШдан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/osh-shaary-akshdan-investitsiia-tartuu-mumkunchuluktorun-talkuulady/
- Published: 2026-11-04T08:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T08:47:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтью Хабиновски менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда Ош шаары менен АКШнын шаарларынын, анын ичинде Чикаго шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Оморбек Торобаев шаарда түзүлүп жаткан ишкердик жана инвестициялык инфраструктура, мейманкана куруу, туризм, соода-логистика тармактарындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Ал Ош шаары чет элдик инвесторлор менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Мэтью Хабиновски бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана ишкердик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Мындан тышкары, тараптар билим берүү, англис тилин үйрөнүү, транспорттук логистика, саламаттыкты сактоо, туризм, маданий-гуманитардык байланыштар жана социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды чыңдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.