> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Тамчы” АФИА - Гонконгдо каржы борборлорунун кызматташуусун сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/tamchy-afia-gonkongdo-karzhy-borborlorunun-kyzmattashuusun-sunushtady/
- Published: 2026-11-04T03:27:15.000Z
- Updated: 2026-11-04T03:28:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы (АФИА) Азиядагы каржы борборлорун бириктирүүгө багытталган NextFinance демилгесин сунуштады. Анын максаты — глобалдык экономиканын өзгөрүп жаткан талаптарына жооп берген, технологиялык жактан өнүккөн жана ийкемдүү жаңы муундагы каржы борборлорун өнүктүрүү.**

Демилге 2026-жылдын 4-ноябрында Гонконгдо өткөн дүйнөдөгү ири финансылык технологиялар форумдарынын бири — **Hong Kong FinTech Week 2026** иш-чарасында тааныштырылды.

Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү, өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү жана “Тамчы” АФИФ башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары **Аяз Баетов** сунуштады.

> “Финансылык борборлордун келечеги алардын технологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу жана бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөндөмүнөн көз каранды. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн юрисдикциялардын ортосунда тыгыз кызматташуу талап кылынат. Ошондуктан күч-аракетти бириктирүү, жалпы көз карашты иштеп чыгуу жана эртеңки күндүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык мамилелерди иштеп чыгуу абдан маанилүү”, - деп белгиледи Аяз Баетов.

Форумдун алкагында Аяз Баэтов Гонконг өкмөтүнүн финансылык кызматтар жана казына маселелери боюнча катчысынын орун басары **Джозеф Чан** менен да жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Гонконгдун каржы тармагындагы кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде финансылык институттардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана жөнгө салуу, финансылык технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/4--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/0_5--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/8--4-.jpg)

> Джозеф Чан “Тамчы” АФИАны 2027-жылдын 26–27-январында Гонконгдо өтө турган Asian Financial Forum форумуна катышууга чакырды. Ал Гонконг Кыргызстан жана “Тамчы” АФИА менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана санариптик инновациялар багытында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Hong Kong FinTech Week 2026 өтүп жаткан мезгилде жана андан кийин бир ай бою Гонконгдун көчөлөрүндө “Тамчы” АФИАнын символикасы түшүрүлгөн **1,5 миңге жакын такси** каттайт. Бул демилге калкы 7,5 миллионго жакын болгон Азиянын ири бизнес борборлорунун биринде Кыргызстандын финансылык аймагын таанытууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/__.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/----.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6--2-.jpg)

****Маалымат үчүн:** ****“Тамчы” АФИА** \- Ысык-Көлдүн жээгинде, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан, аянты 6 миң гектарга жакын эл аралык финансылык аймак. Ал ****англиялык жалпы укук** принциптеринин негизинде иштейт. Аймактын резиденттери үчүн ****атайын укуктук** жана **салык режими** каралган. Анын ичинде ****49 жылдык** мөөнөткө ****нөлдүк салык ставкасы** белгиленген. Ошондой эле көз карандысыз финансылык жөнгө салуу системасы, Эл аралык ****талаш-тартыштарды чечүү борбору** жана резиденттерди каттоо, коштоо боюнча санариптик платформа каралган. 2026-жылдын октябрында “Тамчы” АФИА Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year рейтингинде “****Өсүп келе жаткан жылдыздар**” категориясы боюнча ****Азияда биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээлеген**.