> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 100 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/04/ysyk-koldo-100-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-04T08:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T08:02:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы **84 миллион сомду** түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда жумуштардын **70 %ы** аткарылып, имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу пландалган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты ****1 404 чарчы метрди** түзгөн имарат заманбап талаптарга ылайык курулууда. Анда балдардын тарбияланып, билим алуусу жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.