> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-декабрдан тарта аскер ардагерлеринин пенсиялары көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/1-dekabrdan-tarta-asker-ardagerlerinin-pensiialary-koboitulot/
- Published: 2026-11-05T06:00:36.000Z
- Updated: 2026-11-05T06:01:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тартып Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин пенсиялары 5 500 сомдон 13 000 сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйүү өлчөмү ар бир пенсионер үчүн жекече аныкталат. 

**2026-жылдын 13-октябрында президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосун, ошондой эле тиешелүү категориядагы пенсионерлердин* ***пенсиялык камсыздоосун** **жогорулатууну караган Жарлыкка кол койду.*

Мындан тышкары Коргоо министрлиги тарабынан аскердик пенсионерлерге муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугун берүү демилгеси көтөрүлгөн.

Аскердик пенсионерлердин кайрылууларын кароонун жыйынтыгында көтөрүлгөн бул демилге жергиликтүү деңгээлде колдоо тапты. 

**Тактап айтканда, Ош шаарында тиешелүү жеңилдик* ***2026-жылдын 1-октябрынан** **тартып күчүнө кирди.* 

Бишкек шаарында аскердик пенсионерлерге акысыз жүрүү укугун берүү маселеси Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралууда. Бул жеңилдикти **2027-жылдын 1-январынан** тартып киргизилиши мүмкүн. 

Аны аскердик пенсионерлер жана укук коргоо органдарынын пенсионерлери жергиликтүү кеңештердин тиешелүү чечимдеринде белгиленген шарттарды эске алуу менен колдонушу мүмкүн. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**