> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүн районунда түтүн чыгарган унааларга айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/alamudun-raionunda-tutun-chygargan-unaalarga-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-05T11:08:44.000Z
- Updated: 2026-11-05T11:08:44.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Бүгүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Баш-Кара-Суу айылында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, иш-чаранын негизги максаты - атмосфералык абанын булганышын жана смогду азайтуу. Анын алкагында автотранспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн деңгээли атайын жабдуулар менен текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык, **3 протокол** түзүлдү.

Ар бир укук бузуу үчүн ****7 500 сомдон** айып пул салынып, жалпы суммасы **22 500 сомду** түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-05-at-17.03.12-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-05-at-17.03.12-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-05-at-17.03.12-2.jpeg)