> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/kyrgyzstanda-agroazyk-tuluk-parkyn-tuzuu-dolbooruna-370-min-dollar-bolunot/
- Published: 2026-11-05T09:22:44.000Z
- Updated: 2026-11-05T09:22:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.** 

Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев катышты. 

**Маалыматка ылайык, долбоорго Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан* ***370 509 АКШ доллары** *өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлөт.* 

Келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) катышуусунда түзүлдү.

**Долбоордун алкагында агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, аны өнүктүрүүнүн оптималдуу модели аныкталат. Ошондой эле инвестицияларды тартуу стратегиясы иштелип чыгат.* 

Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Марина Понти жана уюмдун делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/7e71cb86-3080-49d0-9c43-0dad37ff4759.jpeg)

Анда Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун 2025–2029-жылдарга карата Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагындагы кызматташтык, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлерин түзүү, аквакультура жана балык чарбасында кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

**Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү багытындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.*