> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/kyrgyzstanda-onor-zhaidy-onukturuu-maseleleri-talkuulandy/
- Published: 2026-11-05T12:32:51.000Z
- Updated: 2026-11-05T12:32:50.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо" аталышындагы биринчи аймактык форумдун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.**

> Маалыматка караганда, иш-чара БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Эрлист Акунбеков форум өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Ошондой эле ал инвестициялык долбоорлорду сапаттуу даярдоо, экономикалык моделдерди иштеп чыгуу жана эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрү менен кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Форумдун алкагында айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүшү, чакан гидроэнергетика, фармацевтика, текстиль жана тигүү өнөр жайы, ошондой эле санариптик компетенцияларды өнүктүрүү багыттары талкууланууда.

Иш-чаранын максаты - Борбор Азияда өнөр жайды өнүктүрүүгө инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec1d3e1e735.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec1d3eae0aa.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec1d3ec5f25.jpeg)