> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы 31 тигүү ишканасы экспорттук акселератордон өттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/kyrgyzstandagy-31-tiguu-ishkanasy-eksporttuk-akseleratordon-ottu/
- Published: 2026-11-05T07:19:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T07:18:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандагы 31 тигүү ишканасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын акселератордук программа ишке ашырылды. Анын алкагында 17 ишкана Евробиримдиктин REX тутумунда каттоодон өтүп, айрым компаниялар Европага продукциясынын сыноо партияларын жөнөтө баштады.**

Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде тигүү тармагындагы ишканалар үчүн экспорттук акселератордун жыйынтыктарына жана жаңы чет өлкөлүк рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналган басма сөз жыйында “Кыргыз Экспорт” борборунун өкүлдөрү кабарлашты.

> Маалыматка ылайык, “Кыргыз Экспорт” борбору ишке ашырган программага катышкан ишканалар эл аралык эксперттерден окуудан өтүшкөн. Ошондой эле ар бир компаниянын ишмердүүлүгүнө өзүнчө диагностика жүргүзүлүп, экспортту өнүктүрүү боюнча жекече сунуштар даярдалган.

Программанын жыйынтыгында:

- 17 ишкана Евробиримдиктин REX тутумунда каттоодон өттү, дагы 10 ишкана арыз берүүдө;
- 17 компания LinkedIn платформасында профилдерин түздү;
- 8 компания корпоративдик домендерди каттатты, дагы 6 компания веб-сайттарын иштеп чыгууда;
- 5 компания эл аралык сертификациядан өтүүгө даярдык көрө баштады.

Мындан тышкары, тигүү ишканалары үчүн экспорттук ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча практикалык сунуштарды камтыган атайын маалымдама иштелип чыкты.

Ошондой эле Европа Биримдигинин жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, экспорттук багыттарды диверсификациялоо жана жеткирүү географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды.

---

Программа 2025–2028-жылдарга карата “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында ишке ашырылган.