> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/zhalal-abadda-1-977-ui-bulo-ipotekalyk-batirluu-boldu/
- Published: 2026-11-05T11:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T11:36:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Бүгүн Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жана Сузак районунда мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган үч турак жай комплексинин батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынан кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, "Асман Резиденс 7", "Асман Резиденс 8" жана "Асман Резиденс 14" комплекстериндеги жалпы **1 977 батир** ээлерине тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Талант Жекшенов жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча ****80 миңден ашуун** батирдин курулушу жүрүп жатат.

Мамлекеттик турак жай программасы жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.