> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/zhyl-bashynan-beri-abany-bulgagan-unaalarga-8-1-mln-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-05T11:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T11:55:31.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин өлкө боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Укуктук жана маалымат камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Абдумалик уулу билдирди.**

> Маалыматка караганда, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренеси боюнча **144 мыйзам бузуу** аныкталып, **1 млн 886 миң сом** айып пул салынды.

Ал эми 230-берене боюнча **141 укук бузуу** катталып, **3 млн 552 миң сом** айып пул өндүрүү каралды.

Жалпысынан кодекстин 230, 234, 253-беренелери жана 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча атмосфералык абаны коргоо багытында **488 укук бузуу** фактысы катталып, жалпы ****8 млн 172 миң 500 сом** айып пул салынды.

Аталган иш-чаралар атмосфералык абанын булганышын азайтууга жана экологиялык талаптардын сакталышын камсыздоого багытталган.