> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүн районунда өнөр жай өндүрүшү 16,2 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/alamudun-raionunda-onor-zhai-ondurushu-16-2-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2026-11-06T05:44:00.000Z
- Updated: 2026-11-06T05:43:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аламүдүн районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **16 млрд 250 млн сомду** түздү. Ал эми негизги капиталга салынган инвестициялар өткөн мезгилге салыштырмалуу **63,8 %га** көбөйүп, **3 млрд 298,8 млн сомго** жетти.

Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында ****20 млн долларлык** "Силк Вэй" соода борбору бар. Анда ****2 миң жумуш орду** түзүлгөн. Ошондой эле инвестициялык көлөмү **4,2 млрд долларды** түзгөн "Манас" шаарчасы, ****18 млн долларлык** "Чанхун" металлургиялык заводу жана **35 млн долларлык** "Глобал Хаб" логистикалык борбору белгиленди.

Аталган ишканалардын ичинен "Чанхун" заводунда **500**, ал эми "Глобал Хаб" борборунда **250 жумуш орду** түзүлгөн.

Мамлекет башчысына жолугушуунун жүрүшүндө райондун учурдагы көйгөйлөрү жана мындан аркы өнүгүү пландары да тааныштырылды.