> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүн районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомго жакын каражат керек
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/alamudun-raionunun-infrastrukturasyn-onukturuugo-2-mlrd-somgo-zhakyn-karazhat-kerek/
- Published: 2026-11-06T07:07:00.000Z
- Updated: 2026-11-06T07:06:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.** 

> Маалымдалгандай, Аламүдүн районундагы биринчи кезектеги инфраструктуралык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн болжол менен **2 млрд сом** талап кылынары айтылды.

Алардын катарында:

- жергиликтүү маанидеги **35 чакырым** жолду асфальттоо;
- Октябрь жана Васильев айылдарында маданият үйлөрүн куруу;
- Ленин, Арашан жана С. Чокморов айылдарындагы маданият үйлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- Кара-Жыгач, Мраморное, Гроздь, Виноградное жана Октябрь айылдарында тазалоочу курулмаларды жана канализациялык тармактарды куруу;
- эки көпүрө куруу;
- Кара-Жыгач айылында спорт залын куруу маселелери бар.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу райондогу жол, суу чыгаруу, маданият жана спорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.