> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте айыл чарба жарманкелери кийинки жай мезгилине чейин сунушталат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/bishkekte-aiyl-charba-zharmankeleri-kiiinki-zhai-mezgiline-cheiin-sunushtalat/
- Published: 2026-11-06T10:23:37.000Z
- Updated: 2026-11-06T10:23:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте 6-ноябрдан тартып айыл чарба жарманкелери уюштурулуп, анда эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана күнүмдүк керектелүүчү башка азыктар жеткиликтүү баада сатылат.**

> Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкелер ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана фермердик чарбаларды колдоо максатында уюштурулду. Өндүрүмдөр сатып алуучуларга ортомчусуз түз сатылат.

- Ленин районундагы жарманке Жал кичи райоанундагы Миңжылкиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде **6-ноябрдан тартып ар жума, ишемби** жана **жекшемби** күндөрү өткөрүлөт.
- Ал эми Биринчи май районундагы жарманке **7–8-ноябрда** Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат. Кийин соода ар ишемби жана жекшемби күндөрү **2027-жылдын июнь айына чейин** уланат.

---

Жарманкелер тууралуу кеңири маалыматты алуу үчүн **+996 (702) 702 000** телефонуна кайрылууга болот.

Министрликтин маалыматына караганда, ортомчусуз соода фермерлердин кошумча чыгымдарын азайтып, керектөөчүлөргө азыктарды ылайыктуу баада сатып алууга шарт түзөт.