> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финкөзөмөл банк эмес финансы рыногун өнүктүрүүнү бизнес өкүлдөр менен талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/finkozomol-bank-emes-finansy-rynogun-onukturuunu-biznes-okuldor-menen-talkuulady/
- Published: 2026-11-06T11:09:33.000Z
- Updated: 2026-11-06T11:09:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов Эл аралык ишкердик кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп, банктык эмес финансылык секторду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.**

> Финкөзөмөлдөн кабарлагандай, жолугушууда **баалуу кагаздар** жана **камсыздандыруу** рынокторун өнүктүрүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү **санариптештирүү,** аудитордук ишмердүүлүк, инвестициялык жана **венчурдук фонддорду өнүктүрүү** мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар ошондой эле финансылык рынокту жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасын талкуулап, инвесторлордун жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, **рыноктун ачыктыгын** жана т**уруктуулугун жогорулатуу** боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

> Финкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, бизнес-коомчулук менен диалогду улантуу жана банктык эмес финансылык рынокту туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу пландалууда.