> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/kyrgyzstan-menen-kytai-ishkerdik-kyzmattashtykty-keneitet/
- Published: 2026-11-06T04:24:20.000Z
- Updated: 2026-11-06T04:24:20.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган ишкерлер делегациясы Кытайдын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, ишканаларынын жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, жолугушууга Кытайдын "Сайди" жаңы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү борборунун жана Гуанчжоу шаарынын Байюнь райондук администрациясынын өкүлдөрү да катышты.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестиция тартуу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жана кыргыз-кытай ишкердик өнөктөштүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.