> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/06/zhalal-abadda-myizamsyz-kum-shagyl-kazgan-eki-zharanga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-06T03:42:38.000Z
- Updated: 2026-11-06T03:43:58.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталып, эки жаранга 13 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Сузак жана Ноокен райондорунда жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Текшерүү учурунда Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүш зонасынан төмөнкү бөлүгүндө оор техникалардын жардамы менен мыйзамсыз кум-шагыл казылып жатканы аныкталган. Бул факт боюнча күнөөлүү тарапка **13 миң сом** айып пул салынган.

Ошондой эле Ноокен районунун Арал айылынын аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясында уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы катталган. Укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, жаранга **13 миң сом** айып пул салынган.

> Министрликтин маалыматына караганда, рейд учурунда мыйзам бузган жарандарга жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартиби жана тиешелүү уруксат берүүчү документтердин зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.