> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/07/bishkekte-16-zher-tilkesi-kairadan-auktsiongo-koiuldu/
- Published: 2026-11-07T06:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-07T06:25:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

##### Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду.

> Мэриянын маалыматына караганда, аукцион **2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына** чейин өткөрүлөт.

**Жер тилкелери төмөнкү даректерде жайгашкан:**

- И. Айдарбеков атындагы бульвар (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) менен Чокморов көчөсүнүн кесилиши;
- Чокморов жана Шевченко көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кочкор жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши ("Люкс" сквери);
- Муромская жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (№ 4 шаардык клиникалык оорукананын жанындагы сквер);
- Айни көчөсү, 209 (Осмонов көчөсү менен кесилишкен жер, жаңы парк);
- Камчатская көчөсү (№ 1 үйдүн маңдайы);
- Садырбаев көчөсү — "Сакалдуу" багы;
- Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (мурдагы Островский көчөсү, 141);
- Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши (этносквер);
- "Кыргызстандын 40 жылдыгы" атындагы парктын аймагы (Фере жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилиши);
- Теризавод районундагы парктын аймагы;
- Профсоюз жана П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши;
- Турусбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- "Эмгек Даңкы" паркы (Раззаков көчөсү);
- Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Раззаков жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилиши.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**