> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/07/ysyk-atada-5-zhylda-67-obekt-paidalanuuga-berilgen/
- Published: 2026-11-07T12:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-07T12:00:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ысык-Ата районунда 2026-жылдын тогуз айында сегиз ири өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Ата районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу учурунда айтылды.** 

> Президенттин администрациясы билдиргендей, жыл аягына чейин дагы төрт ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда, ал эми 2027-жылга **15 өнөр жай** объектисин ишке киргизүү белгиленген.

Акыркы беш жылда райондо **67 объект** пайдаланууга берилген, анын ичинде **7 мектеп, 9 фельдшердик-акушердик пункт, мини-футбол үчүн 30 аянтча, 4 спорт зал, 1 бала бакча, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 12 кызматтык үй** жана таза суу менен камсыздоо боюнча **2 объект** бар.  
  
Ушул эле мезгилде райондо **128,51 км жолго** асфальт төшөлгөн, анын ичинен **58,32 чакырымы** 2026-жылы асфальтталган.  
  
Өнөр жай секторунда акыркы беш жылда өсүмдүк майын өндүрүүчү **эки ири завод** пайдаланууга берилген.  
  
Райондун айыл чарбасында асыл тукум малдын жогорку продуктуулугун камсыз кылуу менен алектенген **14 асыл тукум мал чарб**а кожолугу, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарын үрөн менен камсыз кылган **беш үрөнчүлүк** чарбасы бар.

**Эгерде 2021-жылы кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү гектарына 405 центнерди түзсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 700–750 центнерге жеткен. Буудай жана арпа үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгү 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге жогорулаган.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**