> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында өнөр жай паркы түзүлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/08/narynda-onor-zhai-parky-tuzulot/
- Published: 2026-11-08T04:25:03.000Z
- Updated: 2026-11-08T04:26:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**7-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "СтарОушен Инвестмент" ЖЧКсы ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты.** 

> Документке ылайык, "Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо" долбоору ишке ашырылат. 

Түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында "Нарын" эркин экономикалык аймагындагы **200 гектар** аянтта кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүү, чек ара аралык энергетикалык инфраструктура, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана жасалма интеллект үчүн эсептөө кубаттуулуктары бар **өнөр жай паркы** түзүлөт.

Анын аймагында мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылууга багытталган **өзүнчө маалыматтарды иштеп чыгуу борборун** жайгаштыруу пландалууда. 

**Бул мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жайгаштырууга, санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти, IT-паркты жана жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөөлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.*

Улуттук агенттиктин жетекчиси Сабиров "СтарОушен Инвестмент" компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда жооптуу мамлекеттик органдар жана инвестор менен өз ара аракеттенүү аркылуу долбоорду координациялоону улантууга даяр экендигин белгиледи.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**