> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/08/tokmokto-5-zhylda-28-sotsialdyk-obekt-paidalanuuga-berilgen/
- Published: 2026-11-08T06:35:00.000Z
- Updated: 2026-11-08T06:34:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Токмок шаарында 2021-2026-жылдары 28 социалдык объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу 7-ноябрда президент Садыр Жапаров шаардын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда айтылды.** 

Алардын катарында жогорку билим берүү тармагындагы **11 объект**, эки мектеп, алты бала бакча, беш кичи футбол талаасы, эки спорт зал, төрөт үйү, төрт парк жана бассейн бар.

> Өлкө башчынын администрациясы маалымдагандай, акыркы жылдары **11 ири ишкана** пайдаланууга берилип, **423 жумуш орду** түзүлгөн. Мындан тышкары**, 2 117 жумуш ордун** камсыз кылган чакан жана орто бизнестин **201 ишканасы** ачылган.

Жаңы өндүрүш объектилеринин катарында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод, электр-техникалык жабдууларды өндүрүүчү ишкана, таш майдалоочу эки цех, ошондой эле пеноблок жана терезе өндүрүштөрү бар.

**Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имараты, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты,* ***300 окуучуга** *ылайыкталган Д. Казакбаев атындагы № 14 мектептин окуу корпусу жана "Космос" кинотеатрынын имараты пайдаланууга берилген.*

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен **49 даана атайын техника** жана **10 жүргүнчү ташуучу автобус** сатып алынган.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**