> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/10-aida-salyk-kyzmaty-288-5-mlrd-som-bazhy-kyzmaty-155-6-mlrd-som-chogulttu/
- Published: 2026-11-09T12:24:30.000Z
- Updated: 2026-11-09T12:24:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде, 2026-жылдын алгачкы 10 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү белгиленген пландын 102,7 % түзгөндүгүн билдирди. Кирешелер жалпысынан 669,6 млрд сомду түзүп, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 17,3 млрд сомго көп болду.**

Маалыматка ылайык, мамлекеттик **салык кызматы 288,5 млрд** сом чогултуп, белгиленген пландын **102,7 %** аткарган. Мамлекеттик **бажы кызматы 155,6 млрд сом** чогултуп, пландын **104,1 %** түздү.

> МинКаб Төрагасы **жылдын аягына чейин** ушул **оң динамиканы сактап калуу**, бюджеттик кирешелердин толук чогултулушун камсыз кылуу, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышына кепилдик берүү **зарылдыгын** белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6af1a716000a7-thumb--1--1.jpg)

Жыйында экономиканын ар түрдүү тармактарындагы компаниялардын **1086 өкүлүнүн жоопторуна негизделген** Сатып алуу менеджерлеринин индекси (PMI) боюнча акыркы **сурамжылоонун жыйынтыктары** каралды. Бул сурамжылоо беш жолу — 2024-жылдын октябрында, 2025-жылдын март жана октябрь айларында, ошондой эле 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында — өткөрүлгөн.

****2026-жылдын октябрь айында -** Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүк индекси ****58,7 пунктту** түздү. Бул ошол эле жылдын апрель айындагы көрсөткүчкө (58,1 пункт) салыштырмалуу ****0,6 пунктка көп,** 50 пункттан жогору болгон көрсөткүч экономиканын реалдуу секторундагы ишкердик активдүүлүктүн өсүшү уланып жатканын билдирет.

Изилдөөгө төмөнкү тармактардын өкүлдөрү камтылган: **айыл чарба, соода, кызмат көрсөтүү, транспорт, өнөр жай, туризм,** айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана **курулуш.**

Эң жогорку көрсөткүчтөр **“өндүрүш”, “жеткирүү”** жана **“жаңы буйрутмалар”** компоненттери боюнча катталган. Өсүштүн **негизги кыймылдаткыч** күчтөрүнө - өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү, курулуш жана инвестициялык активдүүлүк, ошондой эле ички суроо-талаптын жогорулашы кирди.

**Салыштыруу үчүн**, ишкердик активдүүлүк индекси:

- Россияда 49,8 пунктту,
- Казакстанда 46,4 пунктту,
- Германияда 54,2 пунктту,
- Кытайда 52,1 пунктту түздү.

> Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга **чакан** жана **орто** ишканаларды колдоо боюнча системалуу аракеттерди улантууну, **жеңилдетилген каржылоо механизмдерин өркүндөтүүнү,** административдик тоскоолдуктарды азайтууну жана бизнес жана экспорттук активдүүлүктү **стимулдаштыруу чараларын кеңейтүүнү тапшырды**.

Ошондой эле, күзгү талаа иштеринин жүрүшү каралды. Жооптуу кызмат адамдарына көрүлгөн чаралар, аймактардагы абал жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктар тууралуу маалымат берүү милдети жүктөлдү.