> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк азык-түлүк баалары: октябрда 1,2% төмөндөдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/duinoluk-azyk-tuluk-baalary-oktiabrda-1-2-tomondodu/
- Published: 2026-11-09T05:19:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T05:18:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын октябрында дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси сентябрь айына салыштырмалуу 1,2% төмөндөдү. Буга дан эгиндерине, этке жана сүт азыктарына болгон эл аралык баалардын арзандашы таасир эткен. Ошол эле учурда канттын баасы кескин өскөн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) билдирди.**

[FAOнун](https://www.fao.org/newsroom/detail/fao-food-price-index-edges-down-in-october-amid-subdued-demand/en?fbclid=IwY2xjawVeJ81leHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMVlpME1KMjA4VW9JN1RxVjFzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfQVFLahg74c-kUGX%5FhrSJu-cata%5FsP97-8Lo8Zjwc-HcYAvUylLrCuD3CEwQ%5Faem%5FOtuFV3QArK6ok2L-PMixlQ) **дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси октябрда** орточо 133,9 пунктту түздү. Бул сентябрдагы кайра каралган көрсөткүчтөн **1,6 пунктка же 1,2% төмөн.** Бирок жылдык салыштырууда индекс 5,9% жогору бойдон калууда.

### **Кайсы азык-түлүктөр арзандады?**

FAOнун маалыматына ылайык, октябрда **дан эгиндеринин баа индекси** сентябрга салыштырмалуу **4,5% төмөндөгөн**. Буга **буудайга** болгон эл аралык суроо-талаптын солгундашы жана өндүрүш боюнча божомолдордун жакшырышы себеп болгон. Айрыкча Аргентинада түшүмдүн көлөмү көбөйүшү күтүлүүдө.

- **Жүгөрүнүн дүйнөлүк баасы** да сентябрдагы акыркы үч жылдык чокусунан **төмөндөгөн.** Буга АКШдагы түшүм жыйноого байланышкан көйгөйлөр, Түштүк Американын негизги экспорттоочу өлкөлөрүндө жетиштүү сунуш болушу күтүлүп жатканы жана Кара деңиз аймагындагы чыңалуунун басаңдашы мүмкүн деген божомолдор таасир эткен.
- Ал эми **күрүчтүн баа индекси 1,6% өскөн**. Айрым экспорттоочу өлкөлөрдө түшүм жыйноонун кечеңдеши жана аба ырайынын жагымсыз шарттары баанын жогорулашына түрткү берген.
- **Эттин баа индекси 1,2% төмөндөгөн**. Чочко, кой жана уй эти арзандаса, канаттуулардын этинин баасы негизинен туруктуу калган.
- **Сүт азыктарынын баа индекси 1,1% азайган.** Буга сары май менен сырдын эл аралык бааларынын төмөндөшү себеп болгон. Бул арзандоо кургак сүттүн баасынын өсүшүнөн жогору болгон.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/---------------------------390--1.png)

Октябрда **канттын баасынын индекси төртүнчү ай катары менен жогорулап,** 2024-жылдын декабрынан берки эң жогорку деңгээлге жетти. Сентябрга салыштырмалуу 6,6%, ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **28,8% өстү.**

> FAO муну Бразилиянын кант камышы көп өстүрүлгөн Борбордук-Түштүк аймагында жаан-чачындан улам түшүм жыйноо жана кайра иштетүү иштеринин үзгүлтүккө учурашы менен түшүндүрөт. Мындан тышкары, Индияда, Европа биримдигинде жана Таиландда 2026/27-жылкы сезондо кант өндүрүү боюнча белгисиздик да баанын өсүшүнө таасир эткен.

Ошондой эле **өсүмдүк майларынын баа индекси октябрда 0,3% жогорулаган.** Соя жана күн карама майы кымбаттаса, рапс майы арзандаган.

### **41 өлкө азык-түлүк боюнча тышкы жардамга муктаж**

> FAOнун 2026-жылдын ноябрь айындагы [**“Түшүм жана азык-түлүк коопсуздугунун абалы”**](https://www.fao.org/giews/reports/crop-prospects/en/) аттуу баяндамасында дүйнөдө **41 өлкө** жана аймак азык-түлүк менен камсыздоо боюнча тышкы жардамга муктаж экени белгиленген. Алардын **31и Африкада жайгашкан**.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/---------------------------391--1.png)

Төмөн жана орто кирешелүү, азык-түлүк тартыштыгына дуушар болгон өлкөлөрдө 2026-жылы дан өндүрүшү болжол менен 126,5 млн тоннаны түзүшү мүмкүн. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн жана акыркы беш жылдык орточо деңгээлден 2% жогору.

> Ошол эле учурда FAO **куралдуу жаңжалдар** менен туруксуздук азык-түлүк коопсуздугуна негизги коркунуч бойдон калып жатканын белгилейт. Эль-Ниньо кубулушуна байланыштуу кургакчылык, аптаптуу ысык, суу ташкындары жана бороон-чапкындар айрым аймактарда абалды дагы оорлотушу мүмкүн.

FAOнун маалыматына караганда, аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөрдүн таасири өлкөлөрдүн соода жана саясаттагы чечимдерине да байланыштуу. Ачык соода азык-түлүк жеткирүүдөгү тобокелдиктерди азайтууга жардам берсе, экспортко чектөөлөр киргизүү жеткирүү көйгөйлөрүн күчөтүшү мүмкүн.