> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/eldin-elektronduk-kapchyktarynan-11-5-mln-somdon-ashyk-akchany-kymyryp-algandar-karmaldy/
- Published: 2026-11-09T06:07:31.000Z
- Updated: 2026-11-09T06:07:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте электрондук капчыктардан 11,5 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча төрт шектүү кармалды. Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө электрондук капчыкты пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды.**

> ИИМдин алдын ала маалыматтары боюнча, бир нече электрондук транзакцияларды жүргүзүү аркылуу **жалпы суммасы 11 млн 535 миң 131 сомду** түзгөн акча каражаттары мыйзамсыз чыгарылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында төрт жаран кармалды. Алар: **Ш.А.Т**., 2004-жылы туулган; **К.Н.Н.,** 2004-жылы туулган; **Ш.Т.Ш.,** 1996-жылы туулган жана **Т.Б.А.,** 1996-жылы туулган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган ар бир жарандын аракеттерине укуктук баа берүү максатында тергөө жана **ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө**.

****ИИМ** \- электрондук капчыктарды жана төлөм системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин ****эскертет.**