> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балтада 5 жылда 7 жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/kara-baltada-5-zhylda-560-zhumush-ordu-tuzulgon/
- Published: 2026-11-09T04:34:58.000Z
- Updated: 2026-11-09T04:34:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кара-Балта шаарында 2021-2026-жылдары жети жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилип, 560 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу кечээ президент Садыр Жапаров шаардын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда айтылды.** 

**Алардын катарында "Азия Сталь" ЖЧКсынын металлургиялык ишканасы, алтын куймаларын өндүрүүчү цех, "Зилан Эверсун Текстиль" текстиль ишканасы, бут кийим өндүрүүчү цех, ошондой эле "Гуандунь" кыргыз-кытай инвестициялык компаниясы жана башка өндүрүш ишканалары бар.* 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/2-1.jpg)

> Президенттин администрация кабарлагандай, бул мезгил аралыгында шаарда 36 социалдык объект, анын ичинде 21 балдар оюн аянтчасы, 5 воркаут аянтчасы, 3 бала бакча жана муниципалдык базар курулган. 

Мындан тышкары, шаар ичиндеги **16,5 км жолго** асфальт төшөлгөн. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**