> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/kol-onorchulorgo-salyk-saluu-zhana-ishkerdikti-kattoo-ozgocholuktoru-tushunduruldu/
- Published: 2026-11-09T09:19:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T09:18:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кол өнөрчүлүк менен жаңыдан алектене баштаган жана иштеп жаткан кол өнөрчүлөргө салык системасы жана кол өнөрчүлүк тармагына салык салуу маселелери боюнча маалымат беришти.**

Окутуу ата мекендик кол өнөрчүлөр үчүн уюштурулган “Салттуу кол өнөрчүлүк тармагында маданий туристтик продуктыларды иштеп чыгуу” аттуу тренингдин алкагында өткөрүлдү.

> Салык кызматынын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө адистер - кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүнө карата колдонулуучу салык режимдери, ишкердикти расмий каттоо жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мүмкүнчүлүктөр жана талаптар тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Мындан тышкары, салык тармагындагы реформалар, санариптештирүү жана салыктык администрациялоону оптималдаштыруу процесстери жөнүндө маалымат берилип, алардын салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленди.

Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда тренингдин катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ишмердүүлүгүндө кездешкен көйгөйлөрдү ортого салышты жана салык кызматынын адистеринен тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.