> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/kyrgyzstanda-mamlekettik-zhana-munitsipaldyk-kyzmat-korsotuulordun-birdiktuu-reestri-bekitildi/
- Published: 2026-11-09T10:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T10:40:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 30-октябрындагы № 224 буйругу менен Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитти.**

Реестр 2026-жылдын 17-июлундагы № 113 [Мыйзамды](https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/kg) ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана үч бөлүмдү камтыйт:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
- жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.

**Реестрдин негизги максаты — кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты системалаштыруу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен ишкерлер үчүн керектүү маалыматты алууну жеңилдетүү.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/899737514_2051934502183673_3472815257395465176_n.jpeg)

> "Буйрук күчүнө киргенден тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана аткаруучулары расмий сайттардагы жана башка маалымат каналдарындагы маалыматтарды бекитилген Реестрге ылайык келтирүүгө тийиш", - деп айтылат маалыматта. 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри менен Экономика жана коммерция министрлигинин [расмий сайтындагы](https://taplink.cc/mineconom.kg?fbclid=IwY2xjawVegWJleHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMWlycWNuWjlNaGJTaVh4Y0NzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfqczRzucihtrXyUGk6lYw6kjhg1A7ceC1NRgnms01KzMekMAMvIIOQ4Mi0EA%5Faem%5Ft%5FlfPBSPwGtBbVF4al8TQg) шилтеме аркылуу таанышууга болот. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**