> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/kyrgyzstandyk-ishkana-kytaidan-ondurush-zhabduularyn-aluu-mumkunchulugun-karashtyruuda/
- Published: 2026-11-09T10:54:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T10:53:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**“Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын башкармасынын төрагасы Элдияр Доолбеков Шанхай шаарында өтүп жаткан 9-Кытай эл аралык импорт көргөзмөсүнүн алкагында кыргызстандык “Ала-Тоо Амир” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен бирге желим бөтөлкөлөрдү жана башка идиштерди чыгарууга арналган жабдууларды өндүрүүчү кытайлык ишканага барды.**

> Мекеменин маалыматына караганда, иш сапардын жүрүшүндө тараптар **заманбап өндүрүш технологиялары**, жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү жана **өндүрүш процесстерин уюштуруу** менен таанышкан.

**“Ала-Тоо Амир” ЖЧКсы** сүт азыктарын жана улуттук салттуу табигый суусундуктарды өндүрүүгө адистешкен. Ишкана “Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында **35 млн сом** өлчөмүндө бюджеттик насыя алган.

****China International Import Expo** (CIIE 2026) көргөзмөсүндө кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциялары да сунушталууда. Көргөзмө ата мекендик товарларды чет өлкөлүк рынокторго таанытууга, ****экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө** жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган.