> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/oshto-akylduu-aialdamalardy-kuruu-boiuncha-auktsion-zharyialady/
- Published: 2026-11-09T09:08:32.000Z
- Updated: 2026-11-09T09:22:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарындагы эски аялдамаларды бузуп, алардын ордуна заманбап талаптарга жооп берген, жеңил типтеги конструкциядан жасалган, тейлөөчү жайы менен "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыялады.**

**Аукционго төмөнкү жер тилкеси коюлат:**

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүндө, "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын имаратынын маңдайында жайгашкан жер тилкеси.

> Билдирүүгө ылайык, аялдаманын тейлөөчү жайы менен жалпы аянты – **45,0 чарчы метр** (анын ичинен тейлөөчү жайы – **13,5 чарчы метр**). 

**Аукциондун старттык баасы – айына* ***3 158 сом** *. Жер тилкеси тейлөөчү жайы менен акылдуу аялдама куруу үчүн пайдаланууга берилет.*

**Кошумча талаптар**:

- Аялдамаларды куруу демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт;
- Ал ялдамалар Ош мэриясынын тиешелүү токтомунун негизинде муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлөт;
- Муниципалдык менчиктин балансына алынган аялдамалар атайын комиссиянын чечимине ылайык ижара шартында берилет.

**Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:**

**Жеке жактар үчүн:**

- Паспорттун көчүрмөсү.

**Юридикалык жактар үчүн:**

- Нотариалдык жактан же каттоо жүргүзүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- Уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат;
- Өкүлдүн паспорту;
- Аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү;
- Тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер;
- Лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө бекитилген формадагы арыз талап кылынат.

Аукционго катышууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:

**Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.* 

 **Аукционду өткөрүү мөөнөтү**:

- Аукцион "Ош шамы" гезитине жарыя чыккан күндөн тартып бир ай ичинде өткөрүлөт.
- Арыздар 29 күндүн ичинде кабыл алынат.
- Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө бир күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат.
- Аукционго катышууну каалаган адамдар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.

**Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү объектти аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.*