> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/tup-raionunda-750-orunduu-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-11-09T06:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T06:35:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 438 миллион сомду түзөт.**

Мектептин курулушу **2024-жылдын июль** айында башталган. 

> Курулуш министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички курулуш жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты **5315 чарчы метрди** түзөт. 

**Мектеп эки кабаттан туруп, анда негизги предметтер боюнча окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт зал каралган.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/895707824_1643557947243248_7310269801904822364_n.jpg)

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**