> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башыда инвестиция жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/at-bashyda-investitsiia-zhana-biznes-uchun-zhany-mumkunchuluktor-talkuulandy/
- Published: 2026-11-10T04:32:26.000Z
- Updated: 2026-11-10T04:32:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**5-ноябрда Ат-Башы районунда төртүнчү ирет инвестициялык бизнес-форум өтүп, ишкерлерди, дыйкандарды жана инвесторлорду бириктирди.** **Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, форумда картошка өндүрүшүн көбөйтүү, биожер семирткичтерди колдонуу, топоз багуучулар ассоциациясын түзүү, чакан ГЭСтерди куруу жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору талкууланды.

Ошондой эле эт, бал, балык, сүт, картошка, дары чөптөр, мөмө-жемиш жана туризм боюнча сегиз кластерди өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Райондун органикалык аймак макамына өткөнү өзгөчө белгиленди. 

**Учурда* ***170 тонна** *бал жана картошканын тогуз сортунан* **940 тонна** *түшүм өндүрүлгөн.*

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү продукциялардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, жыйынтыгында экономикалык келишимдерге кол коюлуп, резолюция кабыл алынды. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**