> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/batken-menen-kytai-investitsiialyk-kyzmattashtykty-talkuulady/
- Published: 2026-11-10T06:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T06:02:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Минчэ менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоо, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, аймактын географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстары, айыл чарба жана эмгек потенциалы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле учурда облуста Кытайдын бир катар компаниялары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын маалымдады.

Атап айтканда, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында "ХЭНФА" ЖЧКсы тарабынан кирпич заводун куруу долбоору жүргүзүлүүдө. Ал эми Ак-Татыр айыл аймагында "Кыргыз Гуанда Новая Энергия" жана "Ак-Татыр Энерго" компаниялары тарабынан күн электр станцияларын куруу долбоорлору каралууда.

Өз кезегинде башкы консул Лю Минчэ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн колдоого кызыкдар экенин билдирип, аймактар аралык байланыштарды мындан ары да улантууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө багытында иш алып барууну белгилешти.