> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболору боюнча жыйын өтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/bishkekte-borbor-aziia-olkolorunun-sooda-zhol-zhoboloru-boiuncha-zhyiyn-otuudo/
- Published: 2026-11-10T03:48:24.000Z
- Updated: 2026-11-10T03:48:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) 15-аймактык жыйыны өтүүдө.**

> Маалым болгондой, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын, эксперттик коомчулугунун жана жеке секторунун өкүлдөрү катышууда.

Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов аймактык кызматташтыкты чыңдоонун, административдик тоскоолдуктарды жоюунун, чек арадан өтүү убактысын кыскартуунун жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты. 

Ошондой эле улуттук комитеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн аймактык форматын түзүү демилгеси GIZ уюмунун колдоосу менен кыргыз тараптан көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/898659618_1607251470670244_6459460077807255297_n.jpeg)

**Министрдин орун басары кагазсыз соодага өтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.* 

Ал Кыргызстандын кагазсыз соодага өтүү боюнча Улуттук жол картасы БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Катчылыгы тарабынан жогору бааланып, аймактагы башка өлкөлөр үчүн алдыңкы тажрыйбанын үлгүсү катары сунушталганын маалымдады.

**Жыйындын жүрүшүндө аймак өлкөлөрүнүн өкүлдөрү соода, транспорт жана транзит жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча улуттук жетишкендиктерин жана демилгелерин тааныштырышууда.* 

Катышуучулар сооданы жана бажы администрациясын санариптештирүү, электрондук документтерди киргизүү, eCMR жана eTIR системаларын өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/897811821_2654313915084046_3784758233977931334_n.jpeg)

Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, жүк ташууга кеткен чыгымдарды жана убакытты кыскартуу, аймактык сооданы кеңейтүү, мамлекеттик жана жеке секторлордун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо маселелери каралууда. 

**Жыйын Европа Биримдиги, Германия жана Франция өкмөттөрү тарабынан каржыланган жана GIZ менен Expertise France тарабынан ишке ашырылып жаткан "Транскаспий транспорт коридорунун потенциалын өнүктүрүү" аймактык программасынын алкагында өткөрүлүүдө.*