> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/byiyl-10-aida-mamlekettik-biudzhetke-669-6-milliard-som-kireshe-tushtu/
- Published: 2026-11-10T13:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T13:09:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын 10 айында республикалык бюджетке** **669,6 миллиард сом киреше түштү. Бул тууралуу 9-ноябрда Министрлер кабинетинин аппараттык кеңешмесинде айтылды.** 

> Маалыматка караганда, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн **17,3 миллиард сомго** көп болду.

Мамлекеттик салык кызматы **288,5 миллиард сом** чогултуп, белгиленген пландын **102,7 пайызын** аткарды. Мамлекеттик бажы кызматы **155,6 миллиард сом** чогултуп, пландын **104,1 пайызын** түздү.

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин ушул оң динамиканы сактап калуу, бюджеттик кирешелердин толук чогултулушун камсыз кылуу, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышына кепилдик берүү зарылдыгын баса белгиледи.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**