> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда илимди каржылоо жана окумуштуулардын эмгек акысын жогорулатуу каралууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/krda-ilimdi-karzhyloo-zhana-okumushtuulardyn-emgek-akysyn-zhogorulatuu-karaluuda/
- Published: 2026-11-10T03:23:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T03:22:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда Улуттук илимдер академиясынын жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 2025-жылы 100 %га жогорулатылган. Ал эми 2026-жылдын апрелинде компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен эмгек акынын өлчөмдөрү кайра каралган. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Илим күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.**

Анын айтымында, мамлекет илимий мекемелердин финансылык өз алдынчалыгын кеңейтүүгө жана илимий ишмердүүлүк үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган реформаларды жүргүзүүдө.

Тактап айтканда - илимий-изилдөө институттарына өздүк жана атайын каражаттарын өз алдынча пайдаланууга, изилдөөлөрдү каржылоого, заманбап жабдууларды сатып алууга, лабораториялык базаны өнүктүрүүгө жана кызматкерлерди колдоого мүмкүнчүлүк берүү каралган. Бул чаралар илимий уюмдардын демилгелүүлүгүн жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Куттуктоодо илимди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттары Кыргыз Республикасында илимди 2040-жылга чейин өнүктүрүү концепциясында аныкталганы белгиленет. 

> "Бүгүнкү күндө илимий изилдөөлөр өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон энергетика, айыл чарба, биотехнология, жаратылыш жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экология, санариптик трансформация жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт. Муну менен катар ата мекендик мал чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон айыл чарба жаныбарларынын генетикалык түзүлүшүн изилдөө иштери да улантылууда. Геология илимин колдоого, жер казынасын изилдөөгө жана өлкөнүн минералдык-чийки заттык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга багытталган геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”-деп белгилеген төрага өз сөзүндө.

Ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдү колдоо, илимий муундардын уланмалуулугун камсыз кылуу жана ата мекендик илимий мектептерди сактоо зарылдыгы белгиленди.