> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/oshto-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-10T09:28:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T09:27:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча видео кайрылуунун негизинде ыкчам текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматька ылайык, текшерүү Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүнүн 2-дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде болду. Аталган объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине 2025-жылдын февраль айында катталган. Учурда имараттын 7-кабатындагы кабат аралык жабуу плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видео кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды. Тактап айтканда, жумушчулар курулуш иштерин коргоочу каскаларсыз жана атайын каражаттарсыз аткарып жатканы аныкталды.

Жыйынтыгында, коопсуздук эрежелерин бузган "ТКК Перспектива" ЖЧКсына карата чара көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Мындан тышкары, компанияга **200 миң сом** айып пул салынды.