> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө 13,9 млн сомго спорт аянтчасы ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/ozgondo-13-9-mln-somgo-sport-aiantchasy-achyldy/
- Published: 2026-11-10T10:37:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T10:36:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өзгөн районуна караштуу Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылында Ибраимов Зергербай атындагы кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.**

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.

> Маалыматка ылайык, спорт аянтчасынын жалпы баасы **13 млн 979 миң 418 сомду** түзгөн. Анын ичинен **10 млн сом** Ош облустук өнүктүрүү фондунан, **979 миң 418 сом** жергиликтүү бюджеттен, ал эми **3 млн сом** жергиликтүү жамааттын салымынан каржыланган.

Иш-чарада Аманкан Кенжебаев спортту өнүктүрүү, жаштардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жаңы спорттук жайдын курулушуна салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/902019835_122231669228368081_8059642587344414730_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/901975323_122231669354368081_4579844832465775305_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/902019154_122231669564368081_7583260212875438690_n.jpg)