> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда Кыргыз жаранына 988 миң рубль эмгек акысы төлөнүп берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/rossiiada-kyrgyz-zharanyna-988-min-rubl-emgek-aky-boiuncha-karyz-tolonup-berildi/
- Published: 2026-11-10T09:42:22.000Z
- Updated: 2026-11-10T09:44:19.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Россияда Кыргызстандын жаранына 988 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карыз төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен бүгүн кабарлашты.** 

> Маалыматка ылайык, жарандын эмгек акысын өндүрүүгө министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү жардам көрсөттү. 

Жарандын кайрылуусунун негизинде Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында "Протекинком "ЖЧКсы эмгек акы боюнча карызын толугу менен төлөп берди. 

Төлөнгөн сумманын жалпы көлөмү **988 131 рублду** түздү. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**