> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/11/kyrgyzstanda-7-7-mln-dollarlyk-sut-zavodu-kuruluuda/
- Published: 2026-11-11T10:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T10:41:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүүчү жаңы заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин абалы, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этабы жана ишкананы өндүрүштү баштоого даярдоо процесси каралды.

Долбоорго жалпы **7,7 млн АКШ доллары** өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Завод ишке кирсе, өлкөдө сүттү кайра иштетүү көлөмү көбөйүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле ата мекендик сүт азыктарынын түрүн кеңейтүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Ишканада эл аралык сапат стандарттарына жооп берген, экспортко багытталган продукция өндүрүү пландалууда. Бул Кыргызстандын сүт азыктарын тышкы рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794392057411-vx10qix3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794392057108-mks4yp5q.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794392056945-21ybsx8n.jpg)